Жалпы республикалык тестирлөө: 23-24-июнда кошумча тестирлөө өткөрүлөт
RU

Жалпы республикалык тестирлөө: 23-24-июнда кошумча тестирлөө өткөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кандайдыр бир себептер менен өз убагында Жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай калгандар үчүн 23-24-июнь күндөрү кошумча тестирлөө өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Ал үчүн каттоо 12-июндан 21-июнга чейин жүргүзүлүп, тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.

Абитуриент быйыл ЖРТга катталып, бирок кандайдыр бир себептер менен катышпай калган болсо биринчи катталган номери менен мурунку катталган жерине барып кайрадан каттоодон өтүшү керек болот. Анда тест тапшырууну каалаган абитуриент тестирлөөнүн орду, датасы көрсөтүлгөн талонду жана инсандыгын тастыктаган документти алып келиши керек. Катталуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк жарабайт.

Бул жылы тестирлөөдөн четтетилген абитуриенттер кайрадан каттоодон өтө алышпайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/12730