"Апам башында ишенген эмес". 13 жашында китеп жазган Нурдан
RU

"Апам башында ишенген эмес". 13 жашында китеп жазган Нурдан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 13-гимназиясында окуган Нурдан Кебек уулу 13 жашта. Ал китеп жазып, шаардын китеп саткан дүкөндөрүнө коюп жатат. Жаш жазуучу эмне үчүн китеп жазууну чечкен жана ал эмне жөнүндө экенин kaktus.kg редакциясына айтып берди.

- Саламатсыңбы, Нурдан ? Өзүң жөнүндө айтып берчи, алгач?

- Менин атым Нурдан. 13 жаштамын. Бишкектеги 13-мектеп-гимнаясында окуйм. Төрт бир тууганмын.

- Жакшы. Эмне үчүн китеп жазууну чечтиңиз? Китеп жазууга эмне түрткү болду?

- Китепти бир жолу эле жазып коесуң, аны көп басылма кылып чыгарып, сата берсе болот да. Мен жазган китепти эч ким уурдай албайт же көчүрүп, өзүнүкү кылып ала албайт. Ошол үчүн китеп жазып, аны сатууну чечтим.

- Китеп жазуу идеясы кантип пайда болгон?

- Идеянын автору атам. Ал китеп окуп отуруптур. Мен барып: "Ата эмне ишкердик кылсам болот?", - деп сурадым. Атам мага "китеп жаз, ал көп кирешелүү, дүйнөгө таанымал адамдардын бары китеп жазат" деп жөн эле айтып койгон. А мен атамдын сунушун ишке ашырдым.

Киеп жазуу жөнүндө ой мындан эки жыл мурун айтылган. Ошол эки жыл боюу жаздым деп айтпайм. Кээде гана, бош убактымда жазчумун. Жалпысынан жарым жылда бул китепти жазып бүттүм окшойт.

- Эмнеге "Балдар үчүн акча табуунун 23 жолу" деп аталат бул китеп?

- Эмнеге "Балдар үчүн акча табуунун 23 жолу" деп аталат? Анткени, бул китепте кантип акча таспа боло турчу, жалпак тил менен балдарга жеткиликтүү болуп жазылган. Ошол себептен бул китепке оор ат ойлоп таппай эле, акча табуунун 23 жолу деп атап койдум.

- Китебиңизде жазылган 23 сунушту кайдан ойлоп таптыңыз же сиз өзүңүз ошол ыкмаларды колдонуп акча таптыңыз беле?

- Кичинекей кезимде курут саткам. Андан тышкары футбол турнирлерин уюштуруп, балдарды чогултчумун. Ошол эле нерселер жазылган. Кээ бир сунуштар башка адамдардын практикасынан алынган. Аларды дагы коштум. Ошонун барын кошкондо ушундай китеп жарык көрдү.

- Биздин окурмандарга айрым сунуштарың менен бөлүшө кетсеңиз?

- Эң жакшысы бул - алып сатуу. Алып сатканды билсең - талаада калбайсың. Эң биринчи ишкер болом деген бала - алып сатканды үйрөнүшү керек. Экинчиси: ишкер болом деген жаштар менин оюмча такыр уялбаш керек.

- Сиз азыр эмне ишкердик кыласыз?

- Мен көптөн бери эле курут алып сатам. Кошуна балдардын ортосунда футбол боюнча турнир уюштургам. Ага демөөрчүлөрдү издеп, үйдүн жанындагы киоск, кичинекей дүкөндөрдөн таттууларды алып, байге бергем. Ал эми дүкөндөрдү балдарга жарнамалап, оошол жакка баргыла деп үндөчүмүн. Турнирге катышуу үчүн балдар мага акча бериш керек болчу. Ошентип акча таап, андан түшкөн акчага колума саат сатып алгам.

- Демек, келечекте ишкер болгуңуз келет экен да?

- Келечекте ишкер болгум келет. Ал үчүн көп-көп китеп жазам деп ойлонуп жатам. Себеби, мүмкүнчүлүктөр бар. Китептин сүрөтчүсү, котормочулар жана редакторлор бар.

- Ишкер болом деп сабактарыңызды калытып койбой элесизби? Убакыт жетип атабы?

- Убакыт жетип атат. Мен бирок, калп айтпайын жалкоомун. Өзүмдү Энштейн деп эсептебейм. Сабакты үчкө окуйм. Бирок, азыр жылыштар бар. Окушум керек экенин билем. Ишкер болуш үчүн дагы жакшы окуш керек деп атам көп айтат. Себеби, алып-сатканга дагы эсепти билиш керек да.

-Сиздин ишкерликке байланышкан ар кандай ойлоруңузду ата-энеңиз колдойбу?

- Атам дайыма эле колдойт. Апам башынча жок, болбойт деп, мага ишенчү эмес. Бирок мен апамды ишендирем деп таттуу токоч, таттууларды сатып, акча таап, апамды ишендирдим.

- Китеп жазуу үчүн көп билим алып, көптү билиш керек да. Сиз китепти көп окуйсузбу?

- Китептерди окуйм. Бирок аз. Мен көбүнчө китептердин аудиосун укканды жакшы көрөм.

- Кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык, окууңузга ийгиликтерди каалайбыз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/12930