Виза берем деп 100 кыргызстандыкты алдап кеткен компаниянын директору кармалды
2035
Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан "Нелегал-Трафик" аталышында рейд өткөрүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен республикада миграция мыйзамын бузган жалпы 425 факты аныкталды дешет ИИМдин басма сөз кызматынан.
- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 14 факты;
- Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузган 160 факты;
- Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузган 210 факты;
- Чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 41 факты.
Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамын бузуулар үчүн салынган айып пулдун жалпы суммасы 2546000 сомдон ашат.
Андан сырткары "Нелегал-Трафик" рейдинин жүрүшүндө эл аралык издөөдө жүргөн 1 адам кармалып, экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча кылмыштын 13 фактысы, мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 5 факты аныкталып, 4 ок атуучу курал алынган.
Рейддин жүрүшүндө ачылган айрым кылмыш иштери:
- Германияга виза берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, Кыргыз Республикасынын 100 жаранынын акча каражаттарын тартып алган компаниянын директору кармалган. Бул фактылар боюнча 209-беренесинин (Алдамчылык) жана 168-беренесинин (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголгон.
- Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз миграция каналын уюштурган Пакистандын жарандарынын кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюлду. Пакистандык эки жаран материалдык пайда табууну көздөшүп, 2022-жылдын июлунан ушул күнгө чейин өздөрүнүн жасалма фирмаларын пайдаланып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жалган маалыматтарды берүү менен кызмат көрсөтүп келишкен. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/13241