Кыялга жетүүгө кантип акча топтосо болот? Пассивдүү инвестициялар
RU

Кыялга жетүүгө кантип акча топтосо болот? Пассивдүү инвестициялар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ар бир адамдын көптөгөн каалоолору бар, бирок ал дайыма эле барына дароо жете албайт. Иштейт, тапкан акчаны негизги муктаждыктарга бөлүштүрөт жана ... кыялданат.

Бүгүн leasing.express компаниясы кыялыбызга жетүү үчүн акча топтоо, акчанын запасын түзүү жана пассивдүү киреше алуу жөнүндө айтып берет. Мунун барына инвестициялар аттуу финансылык инструмент жардам берет.

Инвестициялар активдүү жана пассивдүү болушу мүмкүн. Жетиштүү билими жок башталгыч инвестор үчүн пассивдүү инвестиция варианты туура болот. Инвестициялардын бул түрү активдериңизди толук көзөмөлдөөнү талап кылбайт, бирок ошол эле учурда эң сонун натыйжаларды бере алат.

Пассивдүү инвестициялоо - бул адамдын өз акчасына болгон мамилесин эмес, инвестициянын максатын жана инвестициялоо объектисин сүрөттөйт. Кеңири мааниде - "сатып ал жана ал" стратегиясы жөнүндө болуп жатат. Пассивдүү инвестициялар ар түрдүү болот. Кыргызстандын рыногундагы пассивдүү инвестициялардын айрым мисалдары бул: банктык депозиттер, кыймылсыз мүлк, облигациялар, ошондой эле leasing.express компаниясына инвестициялоо. Келтирилген мисалдардын кайсынысы жогорку кирешелүү экендигин караштыралы.

  • Банктык депозит - эң жеткиликтүү ыкма. Банктардагы депозиттер боюнча орточо пайыздар жылдык 12-14%ды түзөт жана келишимдин мөөнөтүнөн түздөн-түз көз каранды.
  • Кыймылсыз мүлк - инвестициялык мүлк жөнүндө гана болуп жатат. Башкача айтканда, адам ижарага берип, пассивдүү киреше ала турган мүлк жөнүндө. Бирок, биринчиден, үй сатып алуу үчүн жетиштүү капитал болушу керек. Экинчиден, ижарадан түшкөн киреше дайыма эле инфляциядан аша бербейт. Мисалы 1 бөлмөлүү батирдин баасы 35-40 миң доллар, ал эми ижара акысы айына 340 доллардан жогору эмес, бул болжол менен 8-10%ды түзөт.
  • Облигация - бул компания-эмитент тарабынан белгилүү бир мөөнөткө негизги сумманы жана пайыздарды төлөө милдеттенмеси менен чыгарылган карыздык баалуу кагаз. Облигацияларды чыгаруу максаттуу мүнөзгө ээ - конкреттүү долбоорлорду каржылоо, алардан түшкөн киреше кийинчерээк облигациялар боюнча пайыздарды төлөө үчүн булак болуп кызмат кылат. Облигациялар боюнча орточо пайыз 14-16%ды түзөт.
  • leasing.express компаниясына инвестиция салуу банктагы депозит менен бирдей. Белгиленген пайыз бар, киреше катары түшкөн төлөмдөр ай сайын, квартал сайын же келишимдин аягында төлөнөт. Ошол эле учурда leasing.express компаниясына инвестицияоо 2 эсе пайдалуу, себеби пайыздар жылдык 24,5% га чейин. Компания лизинг жөнүндө мыйзамдын (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы №121 "Финансылык ижара (лизинг) тууралуу" мыйзамынын 5-беренесинин 4-пункту) негизинде иш алып барат. Ал лизингдик компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте лизинг ишин жүргүзүү үчүн юридикалык жана жеке жактардан акча каражаттарын тартууга укуктуу экендигин аныктайт.

leasing.express компаниясы пассивдүү инвестициялардын мисалдары жөнүндө айтып берди, анализдеп, салыштырып, сиз үчүн эң ылайыктуу вариантты тандаңыз.

Бардык суроолор боюнча: + 996 (220) 707 002 телефонуна чалыңыздар.

Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 140.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13272