Бизнести өнүктүрүүгө акча табуу боюнча ТОП-5 кеңеш
RU

Бизнести өнүктүрүүгө акча табуу боюнча ТОП-5 кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бизнес насыя - бизнести өнүктүрүүнүн эң кеңири таралган инструменттеринин бири. Ал өндүрүштү кеңейтүүгө, сооданы толуктоого же жабдууларды жаңылоого мүмкүнчүлүк берет. Эгерде сиз бизнесиңизди сапаттуу деңгээлге чыгаргыңыз келсе анда насыядан коркуунун кереги жок. Төмөнкү эрежелерди сактоо менен сиз өзүңүздүн бизнесиңизди каржылоо мүмкүнчүлүгүн жогорулата аласыз.

  • Кредиттик тарыхча – бул потенциалдуу карыз алуучунун банк алдындагы милдеттенмелерин аткарууга абийирдүү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылып жатканын далилдеген негизги көрсөткүч. Кредиттик бюродо учурдагы жана кайтарылган насыялар, алардын суммалары, кайтаруу кандай өткөндүгү, карыздын калдыктары жана төлөнбөй калгандыгы жөнүндө маалыматтарды чагылдырган бардык кредиттик аракеттер сакталат. Эгерде сиз өз убагында насыяңызды төлөп жатсаңыз же төлөм жүргүзүүнүн аралыгы 30 күндөн ашпаса, анда сиздин кредиттик тарыхыңызды оң деп айтууга болот. Эгерде сиз кредитти төлөбөсөңүз же төлөмдөрдү 90 күндөн ашык кечиктирсеңиз, анда мындай тарых жакшы эмес болуп эсептелет.
  • Карыз алуучунун бизнес-планы - бул долбоордун деталдуу сүрөттөлүшү, анда каржылоонун максаты, эсептөөлөрү жана жакынкы бир нече жылдарга перспективалары көрсөтүлөт. Карыз алуучунун бизнес-планы банкка да, инвесторлорго да анын ниетинин олуттуулугун көрсөтөт.
  • Банкка насыяны төлөөгө финансылык мүмкүнчүлүгүңүз бар экендигин далилдөөнүн дагы бир жолу - сатып алуучулар менен жарактуу келишимдерди же товарга, кызматка суроо-талапты тастыктаган документтерди көрсөтүү.
  • Батир, унаа же башка мүлк, ошондой эле ишкер насыяга алган каражаттардын эсебинен сатып алууну пландаштырып жаткан бизнес үчүн жай же жабдуулар түрүндөгү күрөө сыяктуу кепилдиктер кредитти алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Банк кредитти камсыздоонун башка түрлөрүн караштырышы мүмкүн: мисалы кепил болчу адам, банктык кепилдик же "Гарантиялык фонд" ААКнын кепилдиги.
  • Банк үчүн бизнес канча убакыттан бери иштеп келе жатканы да маанилүү. Бул бизнес жок эле дегенде 6 ай, андан да жакшысы - бир жылдан ашык убакыттан бери иштесе.

Насыя алуу боюнча чечим бардык жактан ойлонуштуруп жасалган салмактуу кадам экенин унутпаңыз. Атайын кредиттик программалар аркылуу чакан жана орто бизнести колдогон банкты тандаңыз. Мисалы "Халык Банк Кыргызстан" бизнеске жеңилдетилген шарттарда насыя берет:

  • 8,5 миллион сомго чейин;
  • жылдык 19% менен;
  • каржылоо мөөнөтү - 5 жылга чейин.

Мындай насыянын артыкчылыктарынын бири - тез арада доументтерди кароо жана ийкемдүү төлөм графиги. Сизге каалаган убакта төмөнкү телефон боюнча консультация берилет: 8008 (чалуу акысыз).

Бизнесиңиз үчүн насыя алуу кылдат даярдыкты жана белгилүү бир шарттарды аткарууну талап кылган татаал процесс болушу мүмкүн. Бирок бизнесиңизге инвестиция салуу менен сиз аны натыйжалуу жана кирешелүү кылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатасыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13309