"Менталдык ден соолук - маанилүү" жаштар форуму өттү
RU

"Менталдык ден соолук - маанилүү" жаштар форуму өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаштар психикалык ден соолук жагынан Кыргызстандагы калктын аярлуу топторунун бири болуп саналат. Кыргызстанда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун (РЦУЗиМК) маалыматы боюнча, психикалык жактан катуу жабыркаган жаштардын саны өсүүдө.

Адистер буга коронавирус пандемиясы, куралдуу чыр-чатактар, экономикалык кризис, белгисиздиктин узакка созулган абалы, терс маалыматтын көптүгү, балдардын психологиялык травмасы, виртуалдык дүйнөгө кирип кетүү, жагымсыз чөйрө сыяктуу кызып турган кырдаалдар себеп болушу мүмкүн экенин баса белгилешет. Мунун баары жаштардын психикалык саламаттыгына таасирин тийгизет, неврологиялык оорулардын көбөйүшүнө, тынчсыздануу, паника жана башка ушул сыяктуу абалдарга алып келет.

Ошондуктан бул теманын маанилүүлүгү жана актуалдуулугу шек туудурбайт. Жаштардын психикалык саламаттыгын жакшыртуу бардык кызыктар тараптардын, анын ичинде жаштардын да көңүлүнүн жана жоопкерчилигинин объектиси болушу керек. Жаштардын психологиялык ден соолугу коомдук саламаттыкты сактоо үчүн маанилүү маселе болуп саналат, ал терең изилдөөнү жана башкара билүүнү талап кылат.

13-июлда Бишкек шаарында "Менталдык ден соолук - маанилүү" аттуу жаштар форуму болуп өттү. Ал идея, тажрыйба жана билим алмашуу, өзүнө өзү жардам берүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле жаштар арасында психикалык бакубаттуулуктун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн аянтча болду. Форум менталдык ден соолук темасына кайдыгер эмес 150дөн ашуун адамды бириктирди, алардын катарында студенттер жана окуучулар, ошондой эле жаш ата-энелер бар.

Иш-чара панелдик талкууларды, семинарларды, мастер-класстары жана интерактивдүү иш-чараларды камтыды. Студенттер жана мектеп окуучулары психологдор менен психикалык абалы жөнүндө сүйлөшүп, жашоо балансынын айлампасын чийип, катуу стрессте эмне кылуу керектигин жана өзүлөрүнө психологиялык биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнө алышты. Катышуучулардын менталдык саламаттык жана психилогия тууралуу билим денгээлин жогорулатууга атайын лекциялар да жардам берди.

Психолог Аида Жанышбекова катышучулар менен "Айланаңыздагылар менен мамиле. Кантип абьюздан коргону керек?" темаларында, ал эми эксперт Айнура Сапарова менен өзүн-өзү сүйүү жана жеке чек аралар жөнүндө кеп курушту. Иш-чаранын жагымдуу бөлүгү кесипкөй йога терапевти Аида Козубекова менен жолугушуу болду, ал эс алуу практикасын көрсөтүп, стресс учурунда туура дем алууну үйрөттү.

Биздин форум катышуучулардын жана менталдык ден соолуугуна кам көргөндөрдүн жашоосуна жаңы жана пайдалуу нерсе алып келди деп терең ишенебиз.

Форум "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук фонду тарабынан БУУнун тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Бирге" долбоорунун алкагында "Диа" коомдук конду жана "Тынчтык демилгелери" коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө уюштурулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13556