Адистер эскертет: Пристандан сууга секирүү өлүмгө алып келет!
RU

Адистер эскертет: Пристандан сууга секирүү өлүмгө алып келет!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыл сайын жайында дарыгерлердин айтымында, 10-12 адам сууга секирип каза болот. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери эскертет: сууга ийгиликсиз секирүү эң оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

  • Бийиктиктен сууга секирген адам түбүнө урунуп калышы мүмкүн. Эгер сиз алгач башыңыз менен чөмүлсөңүз, бүт дене салмагыңыз моюн омурткага күч келтирип, ал туруштук бере албай, сынып кетиши мүмкүн. Мындай жаракаттын кесепеттери өтө оор, өлүмгө алып келиши мүмкүн.
  • Пирстен сууга туура эмес "секирүүдө" мисалы белиңиз же ичиңиз менен түшсөңүз, ал олуттуу жаракат алып келиши мүмкүн.
  • Эгерде суу муздак болсо, ага бийиктен секирүү менен шок абал жаралып, адам чөгүп кетиши мүмкүн.

Ошол үчүн:

  • Сууга туура, өзгөчө муздак сууга жээктен акырындап кириш керек;
  • Белгисиз жерге сүңгүп, сууга түшпөңүз, анткени башыңызды ылдыйга же кандайдыр бир нерсеге (ташка ж.б.) уруп алышыңыз мүмкүн;
  • Пристандагы тосмолордон секирбеңи - алар бекемделбеген же алсыз жерлери болушу мүмкүн. Бул сиз үчүн гана эмес, айланаңыздагы бардык адамдар үчүн кооптуу, анткени структура кулап калышы мүмкүн;
  • Эгерде сизде медициналык карама-каршы көрсөткүчтөр бар болсо, такыр сууга түшүүгө болбойт: өткөн омуртка жаракаттары, грыжа ж.б;
  • Мас абалында сууга түшүүгө жана сүзүүгө болбойт! Бул абалда кыймылдардын координациясы бузулат, андан тышкары, васоспазм пайда болушу мүмкүн. Ал эми бул эстен танып калуу, инфаркт жана инсульт менен коштолот;

"Албетте, пирстен сууга секирүү бир караганда кызыктуу оюн-зоок болуп көрүнгөн менен ошол эле учурда ден соолугуңузга жана өмүрүңүзгө коркунуч келтиресиз. Андыктан мындай аракеттерден алыс болууну сунуштайбыз", - деп чакырышат борбор адистери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13563