Икрамжан Илмиянов бир нече жылдан бери биринчи жолу коомдун алдына чыкты
RU

Икрамжан Илмиянов бир нече жылдан бери биринчи жолу коомдун алдына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана жакын санаалашы Икрамжан Илмиянов бир нече жылдан бери биринчи жолу коомдун алдына чыкты. Ага Лейлек районунун администрациясы тарабынан "Ардактуу атуул" наамы ыйгарылды.

Облустук администрация Икрамжан Илмиянов облустун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйланганын билдирди. Бул наам ага акимчиликтин коллегиясында жарым жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча ыйгарылды.

"Шофёр" лакап атындагы Икрамжан Илмиянов

Атамбаев президенттик кызматка киришкенден кийин дароо эле жеке айдоочусу болуп иштеген Икрамжан Илмиянов тууралуу сөз боло баштаган.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Атамбаевдин жардамчысы болгон.

Ал эми Атамбаевдин тушунда жалпы мамлекеттик башкаруудагы кадр маселесин гана эмес, өлкөнүн түштүгүндөгү бүтүндөй бизнести чындап көзөмөлдөгөн. Расмий түрдө президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

2018-жылы Илмияновго 150 миң доллар пара алганы үчүн иш козголуп, коррупцияга шектелип издөө жарыяланган. Ал Москвадан кармалып, Бишкекке жеткирилген. Кийин үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жарым жылга эркинен ажыратылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13661