Шейшепти булгаган деп токмок жеген баланын окуясы. Прокуратура кылмыш ишин козгоду
RU

Шейшепти булгаган деп токмок жеген баланын окуясы. Прокуратура кылмыш ишин козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургуну Азамат Олонов бала бакчанын тарбиячысы баласын токмоктогонун, милиция кызматкери окуяны тергебей жатканын айтып, Kaktus.media сайтына кайрылган. Анын билдирүүсү жарыялангандан кийин Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, райондук прокуратура Октябрь РИИБдин кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү материалдарын карап чыкты.

Анын жыйынтыгы менен №94 балдар бакчасынын тарбиячысы Б.М. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Ж.О. аттуу үч жашар баланын денесине себепсиз залал келтирип, анын дене боюнун жана психикалык жактан өнүгүүсүнө коркунуч келтиргендиги аныкталган.

Бирок Октябрь РИИБдин тергөөчүсү текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакчанын тарбиячысынын аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартып, материалдарды укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында кароого жөнөткөн.

"Тергөөчүнүн аталган чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, баланын денесине залал келтирүү фактысы боюнча 187-берене (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле негизсиз процессуалдык чечим чыгарууга жол берген Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилди", - дешет көзөмөл органынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13676