Бишкектен Таласка Казакстан аркылуу өтүүчү транзиттик жол ачылды
RU

Бишкектен Таласка Казакстан аркылуу өтүүчү транзиттик жол ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстан Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынан Талас облусуна жана карама-каршы багытта, Казакстан Республикасынын Жамбыл облусу аркылуу бара жаткан жүргүнчү ташуучу унаалардын транзиттик өтүүсүн калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул чечим Садыр Жапаров менен Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин ортосундагы 2-мартта, Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Маминдин ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасы болуп саналат.

2020-жылдын 16-мартынан баштап, "Бишкек-Талас-Бишкек" маршруту боюнча Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдүн кыймылы казак тарабынан коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган. Ушуга байланыштуу, кыш мезгилиндеги аба-ырайынын жагымсыз шарттарын, ошондой эле тоолуу аймакта эки ашуу аркылуу өткөн жолдун узактыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун калкынын мобилдүүлүгү минималдаштырылды, Бишкек жана Талас шаарларынын ортосундагы транспорттук байланыштар иш жүзүндө токтоп калды, Кыргыз Республикасынын Талас облусуна жүргүнчүлөрдү ташуу, анын ичинде оорулууларды, карыларды жана балдарды ташуу процесси татаалдашкан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/1368