"Азия" жана "Азбука" дүкөндөрүнүн байланыш борбору - 5888
RU

"Азия" жана "Азбука" дүкөндөрүнүн байланыш борбору - 5888

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
"Азия" жана "Азбука" дүкөндөрү өздөрүнүн байланыш борборун ишке киргизгенин жарыялайт. Жаңы тейлөө бөлүмү компания менен анын кардарларынын ортосундагы байланышты тез, ыңгайлуу жекече кызмат көрсөтүү менен бекемдейт. Сапаттуу тейлөө тажрыйбасынын маанилүүлүгүн көрүп, өз байланыш борборун ишке ашыруу менен "Азия Ритейл" дагы бир кадам алдыга жасады.

Байланыш борбору - компаниянын кардарлары менен байланыштын ишенимдүү каналына айланат. Борбор күн сайын эртең мененки саат 8:00дөн 22:00гө чейин иштеп, кардарлардын көйгөйлөрүн үзгүлтүксүз жана ыкчам чечип турат.

"Азия Ритейл" дүкөндөрүнүн негизги баалуулугу - бул кардарлардын күнүмдүк керектөөлөрүн канааттандыруу. Биз ар бир кардардын пикирин баалайбыз – күн сайын ар кандай булактардан кардарлардын 300дөн ашык сын-пикирлерин кабыл алабыз.

5888 кыска номерине чалып, сурооңузга жооп алыңыз.

Биздин байланыш борборубуз - продуктулар, акциялар, атайын сунуштар, лотереялар жана кеңири суроолор боюнча жардам берүүгө даяр.

Байланыш борборуна болгон бардык чалуулар - абоненттер үчүн АКЫСЫЗ.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13776