Россиядагы мобилизациядан улам мурунку айыл чарба министри АКШдан башпаанек сурады
RU

Россиядагы мобилизациядан улам мурунку айыл чарба министри АКШдан башпаанек сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Коми республикасынын мурдагы айыл чарба министри Денис Шаронов мобилизациядан качып, АКШдан башпаанек сурады. Бул тууралуу RTVI агенттиги жазып чыкты.

Мурунку-министр Шароновго армияга чакыруу келгенден көп өтпөй ал Кошмо Штаттарга кетүүнү чечкенин агенттикке айтып берген.

"Армияга чакыруу мага кандайдыр бир белги экенин түшүндүм. Бул ирет башка жол жок экенин сезип, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болдум", - дейт Шаронов.

Учурда ал Америкада чоң жүк ташуучу машине айдап жан багып жатканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13989