Унаа сатып алууда жаңылыштык кетирбөө боюнча ТОП-7 кеңеш
RU

Унаа сатып алууда жаңылыштык кетирбөө боюнча ТОП-7 кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга автоунаа импортунун көлөмү 3,1 эсеге өстү. Быйыл унааларды импорттоо тенденциясы уланып, ал тургай күч алды. Январдан апрелге чейинки аралыкта жалпы суммасы 483,5 миллион долларга жакын 41 миңден ашык автоунаа алынып келген.

Себептердин бири – Кыргызстанда ЕАЭБдин алкагында "бажы тариздөөсүнө" ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Мындан башка да себептер бар. Жыл өткөн сайын унаалар прогрессивдүү жана жеткиликтүү болуп баратат, эң негизгиси экологиялык жактан таза. Машина сатып алууда сатып алуучу маанилүү жана жооптуу чечим кабыл алат. Экинчи рынокто да, автосалондо да жаңы, колдонулган машинаны тандоодо жаңылыштык кетирип же шылуундардын курмандыгы болуп калышуу толук мүмкүн.

Буга жол бербөө үчүн унаа сатып алууда кандай документтерди текшерүү керек? Жаңы унаа сатып алуу канчалык пайдалуу?

  • Тажрыйбалуу айдоочу болобу же жаңыдан рулга отуруп баштагандар болобу, унаа тандоодо бир нече негизги нерселерди эске алуу керек. Биринчиден, бюджетти аныктоо. Бул бааны гана эмес, ошондой эле жол-жоболоштуруу, камсыздандыруу, күйүүчү май, тейлөө жана оңдоо сыяктуу кошумча чыгымдарды камтыйт. Сатып алуу үчүн каражат жетишсиз болсо, анда коммерциялык банкка насыя алуу үчүн кайрылса болот. Азыр ар бир банкта ар кандай программа менен насыя берилет, анын ичинде автокредиттер да бар. Кардар "Халык Банк Кыргызстандан" жеңилдетилген шарттарда жылдык 22% менен беш жылга чейинки мөөнөткө автоунаа сатып алуу үчүн насыя ала алат.
  • Унааны кайсы максатка колдонууну аныктап алуу керек - шаар ичиндеги каттамдар, узак сапарлар, жүк ташуулар же үй-бүлөлүк эс алуулар үчүн. Андан кийин сизге кандай машина керектигин билип алууга болот: седан, хэтчбек, жол тандабас, минивэн жана башка.
  • Болжолдуу бюджетти аныктагандан кийинки кадам унаанын үлгүсүн тандоо. Мында машинанын жалпы мүнөздөмөсүнө, ыңгайлуулугуна, күйүүчү майды үнөмдөөгө жана талаптарга жооп берген башка аспектилерге көңүл буруу зарыл.
  • Сатып аларда болушунча унаа тууралуу маалыматтарды топтоо керек. Өзгөчө ар кандай кырсыктарга кабылып, бир нече жолу оңдоодон өтүп, ээлери алмашка унаа болушу мүмкүн. Эгер колдонулган машинаны карап жатсаңыз, аны VIN номуру менен текшериңиз. VIN деген эмне? VIN (Унаанын идентификациялык номери) же VIN номери, унаанын бир түрү "манжа изи". Өндүрүүчү тарабынан дайындалган бул уникалдуу код унаа тууралуу кеңири маалыматты камтыйт. Бул кызмат интернетте акы төлөнүүчү жана акысыз негизде жеткиликтүү. Айрым сатуучулар унаанын кемчиликтерин жашыруу үчүн VINди көрсөтпөөгө аракет кылышат. Ошондуктан жагымсыз "сюрприздерди" болтурбоо жана туура тандоо үчүн бул кызматты пайдалануу натыйжалуу ыкма.
  • Ошондой эле милдеттүү түрдө Carcheck (автоунаа күрөөгө коюлганы көрсөтүлөт), транспорт каражатынан көчүрмө сыяктуу документтерди текшерүү керек, аны Электрондук кызматтар порталынан ала аласыз. Унаанын ээсинин паспортун текшерип коюу ашыкча болбойт.
  • Сатып алуудан мурда рыноктук анализдерди жүргүзүп, кызыктырган үлгүдөгү унаанын ээлеринин сын-пикирлерин окуп коюу керек. Эгерде базарды анчалык жакшы билбесеңиз, анда сизди "авто тандоо" кыла турган адистердин кызматынан пайдалана аласыз. Алар сизге машинаны иштетүүдөгү айрым каталарды текшерүүгө, диагностика жүргүзүүгө жана аны сатып алууга татыктуубу же жокпу айтып беришет.
  • Эгер автосалондон жаңы унаа сатып алууну карап жаткандар болсо келишим түзүүдө этият болуусу зарыл. Анткени тобокелдик бар. Мүмкүн болсо унааны расмий дилерден сатып алган жакшы. Бишкекте импорттук унааларды саткан 12ге жакын расмий дилер бар. Алардын бири Jetour автосалону. Бул жерден пайызсыз негизде бөлүп төлөө менен, же ыңгайлуу шарттар менен унааны насыяга алса болот. Унаа сатып алуу - бул кылдаттыкты, өзгөчө мамилени талап кылган чоң кадам. Негизги кеңештерди пайдалануу менен талаптарга жооп берген туура тандоо жасоого болот. Эң башкысы - тандооңузга купулуңуз толгудай кылып ашыкпастан рынокту анализдеп чыгууга убакыт бөлүү керек.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/14125