Быйыл ата-энелер балдарын мектепке даярдоого канча каражат коротушат?
RU

Быйыл ата-энелер балдарын мектепке даярдоого канча каражат коротушат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы окуу жылы жакындаганда ата-энелер балдарын мектепке даярдоого камынышат. Базарларда, соода борборлорунда эл көп, сатуучулар бааларды төмөндөткүсү келбейт. Анан дагы ар бир бала мектеп белгилеген стандарттарга ылайык даярданышы керек: мектеп формасы жана айрым канцелярдык буюмдар.

Быйыл бир окуучуну мектепке даярдоого ар бир облустун жашоочусу орто эсеп менен канча акча коротот?

  • Талас облусунда бир балага мектеп жана спорттук форма, бут кийим, сумка жана канцелярдык буюмдарды кошкондо 10 миң сомго жакын каражат керектелет.
  • Ош жана Жалал-Абаддын тургундары бир эле окуучу үчүн кеминде 11 000 сомдон 13 000 сомго чейин сарпташат.
  • Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустарында ата-энелер бир балага 10 000 сомдон бир аз ашык каражат коротушат.
  • Бишкектиктер бир балага 13-15 миң сом, Чүй облусунун тургундары 12-13 миң сом сарпташат.

Бул эсептөөлөрдөн эмгек акынын жогорулашына карабастан баанын өсүп жаткандыгы көрүнүп турат. Ата-энелер балдарын мектепке толук кандуу даярлап жөнөтүүгө аракет кылышат. Бирок практика көрсөткөндөй, баланы мектепке толук даярдоо үчүн ар бир үй-бүлөнүн шарты боло бербейт. Мындай учурда ата-энелер "Халык Банк Кыргызстандын" "Ыкчам насыя" кызматын онлайн режиминде өлкөнүн каалаган жеринде пайдалана алышат.

  • Насыянын суммасы балдарды мектепке даярдоо үчүн жетиштүү – 15 000 сомго чейин (https://halykbank.kg/credit/momentalnyj-kredit-online) (онлайн режиминде 1 айга берилүүчү кредиттердин максималдуу суммасы 30 000 сомдон ашпашы керек).
  • Кредит 1 жылга чейин күрөөсүз жана кепилдиги жок берилет. Ал эми акчаны Halyk тиркемеси менен бат эле ала аласыз.
  • Ошондой эле банктын каалаган бөлүмдөрүндө 250 000 сомго чейин жана 2 жылга чейинки мөөнөткө "Шашылыш муктаждыктар-Экспресс" кредитин берүүгө болот.
  • Банктын консультанттары суроолорго кардарларга ыңгайлуу убакта 8008 телефону аркылуу жооп беришет.

"Халык Банк Кыргызстан" мектеп окуучуларына жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалайт!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/14193