Алмазбек Атамбаевдин ыры британиялык китепке басылып чыкты
RU

Алмазбек Атамбаевдин ыры британиялык китепке басылып чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин "Жаңы жыл" аталышындагы ыры британиялык Hertfordshire Press басма үйүнүн жыйнагында жарык көрдү. Бул тууралуу Атамбаев Facebook баракчасына жазды.

Маалым болгондой, китеп Евразиялык чыгармачылык гильдия менен биргеликте жарык көргөн. Ал "Поэзия менен искусство досторунун үнү" деп аталат. Китепте Роберт Стивенсон, Уолтер Скотт, Владимир Высоцкий, Эдгар Аллан По, Уильям Шекспир, Эмили Дикинсон, Редярд Киплинг жана башкалардын ырлары камтылган.

"Жаңы жыл" деген ырымдын китептин биринчи бетине жайгаштырылышы мен үчүн чоң сюрприз болду. Бул үчүн басмачыларга чын дилимден ыраазычылык билдирем", - деген Атамбаев.

Белгилей кетсек, 2017-жылы мурдагы президенттин ырына клип тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/14250