Милиция нааразы өзгөндүктөрдү эмне себептер менен чакыртканын айтып берди
RU

Милиция нааразы өзгөндүктөрдү эмне себептер менен чакыртканын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ӨКМдин жетекчисинин мурунку орун басары, активист, Өзгөн районундагы митингдин катышуучусу Акыл Айтбаев суракка чакырылган. Бул боюнча Ош облусунун ИИБси Kaktus.media редакциясына комментарий берип, жергиликтүү тургундар бир нече телеканалдардын журналисттерине кол салуу фактысы боюнча суракка алынып жаткандыгын билдиришти.

Белгилүү болгондой, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен өткөн жолугушуу учурунда чогулгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өткөрүлүп берүүсүнө каршы экендигин билдиришкен. Сөз алгандардын бири бул жыйындан мамлекеттик каналдардын, "7-канал", КТРК, ЭЛТР жана ОшТВнин журналисттерин кууп салууну сунуштады.

"Ошол учурда "7-каналдын" журналистине бир нече жаран кол салуу аракетин көрдү, айрымдары аны башка чабууга да жетишти. Андан кийин жарандар башка журналисттерге да агрессивдүү маанайда болуп, милиция көпчүлүктүн кысымын араң токтоткон.

Бул факт боюнча КРдин Жазык кодексинин "Бейбаштык" беренсинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Журналисттердин бардыгы кол салгандарга арыз жазгандан баш тартышты. Бирок, биз жергиликтүү тургундардын иш аракетине юридикалык баа берип, реакция жасоого милдеттүүбүз", - деп милиция түшүндүрмө берди.

ИИБ белгилегендей аларда бирөө жарымды куугунтуктоо максаты жок. Кол салгандарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүлүп беришине каршы митинг 25-апрелде өткөн. Митингге УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев келип жарандар менен сүйлөшкөн. Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу учурунда ал суу сактагыч коңшу өлкөгө берилбей турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/1426