Бир чыны кофеге iPhone 16 Pro алгыңыз келеби?
RU

Бир чыны кофеге iPhone 16 Pro алгыңыз келеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Заманбап жашоо бизди өзүнүн инновациялары менен таң калтырууну токтотпойт жана Apple чыгарган ар бир жаңы iPhone миңдеген адамдардын "сүйүктүү каалоосуна" айланат. Бүткүл дүйнө iPhone 15 Proнун артынан сая түшүп жатканда, биз эңсеген жаңы смартфонду - келерки жылдын сентябрь айында чыга турган iPhone 16 Proну кантип алса болорун ойлондук. Жөнөкөй жана бир нече чечимдер бар.

№1 чечим

Конкурстарга жана акцияларга катышуу. Көптөгөн компаниялар жана интернет булактары iPhone утуп ала турган сынактарды жана акцияларды уюштурушат. Жаңылыктарга жазылып ушундай иш-чараларга катышыңыз. Мүмкүнчүлүктөр аз, бирок алар бар.

№2 чечим

Эгерде сизде мурунку муундагы смартфон же планшет болсо анда сиз эскирген аппаратты уюлдук телефондор дүкөнүнө алып барып, жаңысын сатып алууда олуттуу арзандатууларды ала аласыз. Бул "Trade-in" деп аталат.

№3 чечим

Албетте, баалуу iPhone белекке алуу варианттарын эч ким жокко чыгарган жок. Мээримдүү ата-эне же туугандар, балким, жигит/кыз же күйөөсү/аялы жакынын кубантууну каалайт же сиздин ишараттарыңызды түшүнүп, туулган күнүңүзгө, мааракеңизге, Жаңы жылыңызга же башка маанилүү окуяга iPhone 16 Pro белекке берет.

№4 чечим

Демек, жаңы iPhone 16 Pro сатыла баштаганга туура бир жыл же 365 күн калганын элестетип көрөлү, ал эми 2023-жылы кыргызстандыктардын орточо айлык акысы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 30 миң сомду түзөт. Эгерде iPhone 16 Proну минималдуу конфигурацияда, өндүрүүчүнүн баасына таянсак, анда жаңы iPhoneдун болжолдуу баасы 1000 долларды түзөт, ал бүгүнкү күндө болжол менен 90 000 сом. Бир адам айына 7500 сом үнөмдөй алат, ал эми күнгө бөлсө, бул сумма Бишкектеги кофеканалардын бириндеги жаңы демделген чоң чыны кофенин баасына барабар болот. Бир чыны кофе түрүндөгү күнүмдүк чыгымдардын ордуна банктан депозит ачып, пайдадан кошумча пайыздарды алып, күн сайын депозит салса болот. Мисалы "Халык Банк Кыргызстанда" ар бир адам "Элдик – Аманат" депозитин ача алат. Жыл бою каалаган убакта 10,5% пайыздык үстөк менен депозит салууга мүмкүн. Депозит ачуунун суммасы 100 сом.

Толук маалыматты https://halykbank.kg/ru/deposit/depozity шилтемеси аркылуу же 8008 телефону аркылуу ала аласыз, анда адистер каалаган убакта сизге кеңеш бере алышат, чалуу акысыз. Депозиттин жардамы менен iPhone 16 Pro сатып алуу үчүн эффективдүү акча топтоого мүмкүн. Эң негизгиси - каржылык максатка жетүү үчүн туруктуу жана сабырдуу болуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/14607