"Яндекс" шаар ичинде буюм жеткирүү боюнча жарнама кампаниясын баштады
RU

"Яндекс" шаар ичинде буюм жеткирүү боюнча жарнама кампаниясын баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Яндекс" шаар ичинде буюм жеткирүү боюнча жарнама кампаниясын баштады. Анда Яндекс Go жеткирүү кызматын чакыруунун ыӊгайлуу жолдору, курьер буюртманы канчалык тез, ишенимдүү жана кылдат алып бара жатканына тиркемеден байкоо салуу жөнүндө айтып берет.

Жеткирүүгө байкоо салуу - кампаниянын чыгармачыл концепциясынын негизин түзөт. Яндекс Go тиркемесинин картасында көчөлөр менен бара жаткан курьер - визуалдык байланыштын борборунда турат. Биз жеткирүүгө буйрутма берүүнү жана аны аткарууну толук көрүп турабыз. Курьер шаарды жакшы билет жана кардар өз иши менен алек болуп жаткан кезде тыгындардан буйтап өтүп, жөнөтмөнү тез жеткирет. Жеткирүүнү башкарган технология - мыкты маршрут жана колдоо кызматы бар тиркеме анын ишине жардам берет.

"Биз күндөлүк тиричиликтеги жана бизнестеги жеткирүүлөрдү Яндекс Go кантип жеӊил кыларын көрсөткүбүз келди. Көбүнө тааныш тиркемеде жеткирүүнү эки жолу басуу менен чакырып, буйрутмага курьер кантип чектелгенин, жөнөтмөнү кантип алганын жана алуучуга кандай багыт алганын жана аны кантип жеткиргенин көрүп турасыз", – дейт КМШдагы Яндекс Жеткирүү маркетинги боюнча директор Ваган Татевосян.

Концепцияны Zebra Hero, creative agency&production агенттиги иштеп чыккан. Креатор Булат Карипов кызматтын маанисин мындай түшүндүрөт: "Сизге алтындай убактыӊызды коротуп тыгында туруунун, же шаарды аралап жүрүүнүн кереги жок. Болгону тиркемеден курьер карта боюнча кандай ылдам бара жатканын жана жеткирүү дарегине кантип жакындап калганын көрүп туруу жетиштүү. Биз ушул сезимди жеткиргибиз келди".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/14667