Кызамык оорусунан улам Жалал-Абадда эки мектеп онлайн окутууга өттү
1930
Жалал-Абад шаарында кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул туурасында бүгүн, 30-октябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Тема боюнча:
Республикалык иммунопрофилактика борборунан жанан Билим берүү министрлигинен редакцияга кийинчерээк кеңири маалымат берилерин билдиришти.
Белгилесек, Республикалык иммунопрофилактика борборунун 28-октябрга карата берген маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери 2316 адамдан кызамык оорусу аныкталган. Аймактар боюнча:
- Бишкек шаары – 660;
- Ош шаары – 302;
- Ош облусу – 654;
- Баткен облусу – 93;
- Чүй облусу– 277;
- Жалал-Абад облусу боюнча – 170;
- Талас облусунда – 84;
- Ысык-Көл облусунда – 65;
- Нарын облусунда – 11.⠀
Оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби - кызылча жана кызамык оорусуна каршы балдарды жана чоңдорду пландуу эмдөөнүн кыскарышы.⠀
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/14833