Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы макулдашылды
1448
Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында 1-ноябрдан 8-ноябрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты.Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/14889