Үч адамды өлтүргөн Чынтемир Аширалиев Бишкек шаардык сотуна даттанды
RU

Үч адамды өлтүргөн Чынтемир Аширалиев Бишкек шаардык сотуна даттанды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын 5-кичи районундагы үч адамдын өлүмүнө айыпталган мурунку УКМКнын кызматкери Чынтемир Аширалиев райондук соттун чечимине макул болбой, Бишкек шаардык сотуна даттанды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Анын жактоочусу Октябрь райондук сотунун чечимине каршы аппеляциялык арыз жазган. Сот 20-декабрга белгиленди.

Эске салсак, 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда 3 адамдын өлүгү табылган. Кылмышка шектүү караты УКМКнын мурунку кызматкери, депутаттыкка талапкер болгон Чынтемир Аширалиев кармалган. 3-ноябрда Октябрь райондук соту Аширалиевдиөмүр бою эркинен ажыраткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15114