"Адамдар каза болуп жатат". Депутат жаңы жылда жеке клиникаларды текшерүүнү өтүндү
RU

"Адамдар каза болуп жатат". Депутат жаңы жылда жеке клиникаларды текшерүүнү өтүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев жеке клиникаларды текшерип, хирургдарды аттестациядан өткөрүү керектигин айтты. Ал мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнө тишин дарылатуу учурунда каза болгон 3 жашар кыздын атасы менен чоң апасы кайрылган.

"Алардын айткандарын уксаң жүрөк жарылат. Араң уктум. Жеке менчик жана башка медициналык борборлор бир топ эле шалаакы болуп калышты. Бул коррупция эмес, шалаакылык.

Кээ бирлер жакшы билим албай туруп операция жасап жатышат.

Социалдык баракчама билдирүү жазсам ошол эле күнү мага бир жаран кайрылды. "Меди" жеке клиникасында операция учурунда апасы каза болгонун айтты. Жарандар клиникаларда каза болуп жатышат. Жаңы жылда өлкөдөгү бардык медициналык мекемелерди, керек болсо операция кылгандарды өзгөчө текшериш керек. Аттестациядан кайра өткөрүү керек",- деди ал.

Депутат соттук-медициналык экспертиза корутунду чыгарууну кечеңдетип жатканын, мындан улам кылмыш иши козголбой жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15222