Экс-министр Аскарбек Жаныбеков жаңы кызматка барды
RU

Экс-министр Аскарбек Жаныбеков жаңы кызматка барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков "Айыл Банк" ААКтын директорлор кеңешинин курамына кирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирет.

Аскарбек Жаныбеков 2023-жылдын 25-декабрында айыл чарба министри кызматынан кеткен. 27-декабрда депутаттар суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырышкан.

Жаныбековду "Айыл Банктын" директорлор кеңешинин курамына дайындоо чечими 2023-жылдын 29-декабрында өткөн акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынган.

Ушул эле жыйында 2022-жылдын 29-мартынан бери директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген Нурай Марстын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15247