"Компаньон" мобилдик тиркемесинин топ-5 мүмкүнчүлүктөрү
RU

"Компаньон" мобилдик тиркемесинин топ-5 мүмкүнчүлүктөрү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Убакыт эӊ баалуу ресурстардын бири болуп калган азыркы заманбап дүйнөдө санариптик сервистерди пайдалануу өзгөчө актуалдуу болуп калды. Бул банк тармагына убакытты үнөмдөөгө гана жардам бербестен, көптөгөн финансылык жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрөт. Санариптик сервистер 24/7 бою жеткиликтүү, пайдаланууга ыӊгайлуу, ал эми кардарлардын жеке маалыматтары ишенимдүү корголгон, бул бардык иш-аракеттердин коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Банк сервистерине алыстан жеткиликтүү болуу үчүн Google Play же App Store аркылуу "Компаньон" мобилдик тиркемесин көчүрүп алуу керек. Сиздин смартфондогу мобилдик тиркеменин жардамы менен кандай иштерди аткарууга болорун айтып беребиз.

Сатып алууларга жана кызматтарга QR-код менен төлөө

Кырдаалды элестетиӊиз. Мисалы сиз үйгө жакын жайгашкан дүкөндөн себет толтура азык-түлүк алдыӊыз. Төлөйүн десеӊиз кол баштыкта капчык жок – аны үйдө унутуп калдыңыз. Эгерде колуӊузда телефон болсо анда ал үчүн үйгө баруунун кереги жок. Товарларды "Компаньон" мобилдик тиркемеси менен QR-код боюнча төлөп койсо болот. Ушундай накталай эмес эсептешүү ыкмасын онлайн сатып алууларга, кафеге, гүлдөрдү жеткирүүгө, автосервис кызматына, таксиге жана башкаларга төлөм жүргүзүүдө колдонууга болот. Ооба, бул чындык! Эми илгеркидей почтага баруунун кереги жок. Бардык коммуналдык төлөмдөрдү дүмүрчөктөгү штрих-кодду сканерлеп, комиссиясыз төлөп койсо болот. Ал эми төлөмдү сактап койсоӊуз, кийинки жолу реквизитти кайра киргизип убара болбойсуз.

"Компаньон" мобилдик тиркемесин дээрлик бардык терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу АКЫСЫЗ толуктай аласыз, ал эми Компаньон Банктын картасын тиркемеге алдын ала байлап койсоӊуз, анда өлкө боюнча каалаган банкоматтан накталай акчаны комиссиясыз чыгарып алууга болот.

Ыкчам төлөмдөр

"Компаньон" электрондук капчыгынын кеӊири мүмкүнчүлүгү ыкчам төлөм жүргүзүүгө дагы жол берет. Мисалы үйдөн чыкпай эле айдын башында өчүп калган үйдөгү интернетти кайра кошуп коюуга же дайыма байланышта болуу үчүн балансты толуктоого болот. Ооба, бир колуңуз менен каналдарды которуп, экинчи колуңуз менен кабелдик теле көрсөтүүгө баскычты эки жолу басуу менен төлөп коё аласыз. Атүгүл иш боюнча маанилүү кеӊешмеде отурган кезде ата-энелер чатына билим берүү кызматтарын шашылыш төлөө керектиги жөнүндө билдирүү келсе да кыжаалат болууга себеп жооп. "Компаньон" мобилдик тиркемеси менен бардык маселелерди чечүүгө болот.

Акча которуулар

"Компаньон" мобилдик тиркемесинин жардамы менен Кыргызстан боюнча жана Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Молдова жана башка чет өлкөлөргө акча которууларды кабыл алууга жана жөнөтүүгө болот. Ал эми Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар акчасын СберБанк аркылуу "Компаньон" тиркемесине пайдалуу курстар боюнча оӊой, коопсуз жана тез которо алышат. Компаньон Банктын россиялык ири банк менен бирге ишке ашырылган ийгиликтүү интеграциясы эмгек мигранттарына Кыргызстандын алыскы аймактарында жашаган, банк кызматтарына жетүү кыйын болгон жакындарына дагы которууларды жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Онлайн-депозит ачуу жана толуктоо

Бул айрыкча алдына финансылык камсыздыкты түзүү, балдардын билимине салым кошуу же ири сатып алууга акча чогултуу сыяктуу узак мөөнөттүү максаттарды койгон адамдар үчүн абдан ыӊгайлуу мүмкүнчүлүк. Бул үчүн "Компаньон" мобилдик тиркемесинде сом менен жылдык 16% чейин жогорулатылган чен менен депозит ачууга болот.

Аманаттарыӊыз өсүп жатканына байкоо салуудан ашкан жагымдуу эмне болушу мүмкүн! Пайдалуу пайыздык ченден тышкары депозиттерди бардык убакта жана каалаган суммада толуктоого мүмкүнчүлүк бар. Андыктан сизге "Топтолуучу", "Мөөнөттүү", "Пенсиялык" деп аталган депозиттердин ылайыктуусун тандоо гана керек.

Онлайн-кредит ачуу жана төлөө

Кээде эӊ зарыл буюм сатып алууларга акча жетпеген учур болот. Бирок жакындарыӊызды кубантууну абдан эӊсеп туурасыз. Айлыкка чейин дагы үч апта бар. Достордон жана туугандардан карыз алгыӊыз келген жок. Мындай учурда "Компаньон" мобилдик тиркемесинен кепилдиксиз жана күрөөсүз онлайн-насыя өтүнмөсүн тариздөө - эӊ мыкты вариант. Өтүнмө жактырылган учурда сиз акчаны 5 мүнөт ичинде аласыз. Насыяны да тиркемеден төлөй аласыз – бул абдан ыӊгайлуу жана тез аткарылат!

Компаньон Банктан жагымдуу белектер

"Компаньон" мобилдик тиркемесинде банк продукттарын активдүү пайдалануу жана башка операцияларды аткаруу үчүн дагы бир мыкты стимул бар. Компаньон Банкы жүргүзүп жаткан акциялардын алкагында жогорку активдүүлүктү көрсөткөндөр ири акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Супер байгелердин бири – 1 000 000 сомду мобилдик тиркемеде эӊ көп операция аткарган колдонуучу алат. Мындан башка дагы татыктуу белектер бар! Айтсак он жеӊүүчү ай сайын 50 000 сомго чейинки сыйлыктарды алып турат. Эгерде сиз "Компаньон" мобилдик тиркемесин таптакыр колдоно элек болсоӊуз анда ыӊгайлуу сервистерди дароо азыр колдонууга өтүп, ар бир кадам менен максатка жакындоого убакыт келди.

Акция жөнүндө толук маалыматты www.kompanion.kg сайтынан же Кардарларды колдоо кызматынан 88 00 мобилдик номери аркылуу биле аласыздар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15318