ТОП-5: Кыргызстандын рыногундагы эң мыкты унаалар
RU

ТОП-5: Кыргызстандын рыногундагы эң мыкты унаалар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адамдын байлыкка жана ылдамдыкка болгон каалоосу чексиз. Бул нерселер өзгөчө, автомобиль өндүрүшүнө тиешелүү. Айталы, инженерлер чыгармачылыгын тынымсыз өркүндөтүп, бар болгондон дагы ылдамыраак жана күчтүүрөөк машиналарды жаратууга умтулушат. Аймагы тоолуу жана магистраль тармагы чектелген Кыргызстанда автоунаа тандоодо максималдуу ылдамдык ар дайым эле аныктоочу фактор боло бербейт. Бирок рулду башкаргндан жана ылдамдыктан ырахат алууну баалагандар үчүн Кыргызстан рыногунда жеткиликтүү болгон универсалдуу жана жогорку ылдамдыктагы унаалардын тизмесин сунуштайбыз.

Porsche Cayenne Turbo

Биринчиден, 2023-жылы чыккан Porsche Cayenne немец автоунаасын карап көрөлү. Анын динамикасы 4,1 секундада саатына 100, ал эми эң жогорку ылдамдыгы саатына 286 чакырымга жетет. Артыкчылыктары: эки турбинасы менен 4 литрлик V8, 550 ат күчү, башкаруусу спорттук жана салону жогорку технологиялуу.

BMW X7 M50i

2023-жылы чыккан дагы бир немис автоунаасына токтололу. Ал жолсуз жерлерде жүрүүгө ылайыкталган мүнөздөмөлөр менен айкалышкан укмуштуудай элеганттуулукка, ошол эле учурда жети орундуу чоң салонго ээ. Ылдамдыгы боюнча Porsche'ге бир аз окшош: 4,3 секундада 100 чакырым ылдамдыкта жүрөт. Эң жогорку ылдамдыгы саатына 250 чакырым. Муну менен катар эки турбинасы бар 4,4 литрлик V8'ге жана 530 ат күчүнө ээ.

Mercedes-Benz GLS 600

Үчүнчү орун Мерседестин өкүлүнө берилет. Бул орун ага универсалдуулугу, таасирдүү динамикасы, 4,9 секундда 100, ал эми саатына 230 чакырым ылдамдыкта жүрө алганы үчүн ыйгарылды. Ички жасалгасы BMW X7'ден кем калбайт. Кыймылдаткычы 4 литрлик V8 эки турбинасы менен, ал эми ат күчү 557.

Lexus LX 570

Жапон өкүлү тизмеден 4-орунду ээлеп, тоолордо жакшы жүрө алганы жана 7,7 секундада 100 чакырым болгон ылдамдыгы үчүн (эң жогорку ылдамдыгы саатына 220 чакырым) ишенимдүү жана ыңгайлуу жол тандабас наамын жеңип алды. Өзгөчөлүктөрү: 5,7 литрлик V8, 383 ат күчү.

Toyota Land Cruiser 200

Ал эми биздин өлкөдөгү эң популярдуу жана эң белгилүү унаа - 2023-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser 200 болуп саналат, Ал өзүнө ишенимдүүлүктү, ыңгайлуулукту камтыйт. 8,6 секундда 100 чакырым ылдамдыкта жүрө алат. Анын үстүнө салону кенен,4,5 литрлик V8, 249 ат күчүнө ээ.

Кыргызстандагы расмий дилер Toyota Motor Corporation жол тандабастарын автосалондон 5 жылга чейин "Халык Банк Кыргызстан" аркылуу бөлүп төлөө менен алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Эгерде сизде жаңы автоунаа сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда аны экинчилик рыноктон да сатып алсаңыз болот. Бул үчүн "Халык Банк Кыргызстанга" жеңилдетилген шарттарда улуттук валютада - жылдык 22%(натыйжалуу % чени 24,09% тарта) жана АКШ доллары менен - жылдык 14%(натыйжалуу % чени 14,78% тарта) кредиттик чен менен автокредит алуу үчүн кайрылсаңыз болот. Кредитти каттоо үчүн минималдуу документтер тизмеси керектелет жана каалаган убакта онлайн же 8008 акысыз телефон номерине чалып кеңеш ала аласыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15585