Эл артисти Талгар Жакшылыков акыркы сапарга узатылды
12382
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы Талгарбек Жакшылыков бүгүн, 15- мартта акыркы сапарга узатылды. Ал 14-мартта оорудан улам каза болгон.
slide 2 of 6
Коштошуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри баштаган расмий өкүлдөр, кесиптештери, жакындары жана кеңири коомчулук катышты.
slide 3 of 2
Эл артисти Талгарбек Жакшылыковдун сөөгү Ала- Арча көрүстөнүнө жерге берилди.
Өмүр баяны:
- Талгарбек Жакшылыков 1964-жылы 23-октябрда Казак ССРинин Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган айылында төрөлгөн.
- 1986–1988-жылдары Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайында алгачкы музыкалык билим алган.
- 1988–1993-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда "Жеке ырдоо", "Опера жана концерт ырчысы, педагог" адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын эл артисттери Марлен Темирбеков жана Владимир Муковниковдун жетекчилиги астында билимин уланткан.
- 1998-жылы ырчынын көптөн берки кыялы орундалып, "XXI кылымдын кадрлары" президенттик программасынын алкагында Италияга эки жылдык стажировкага жөнөтүлгөн. Ырчы операда ырдоо өнөрүн атактуу вокал педагогу Марио Меланинин классында сабак алган.
- Эмгек жолун алгач 1988-жылы студент кезинде А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хорунун артисти катары сахнага чыгып баштаган.
- 1992–2019-жылдары театрдын жетектөөчү солисти болуп иштесе, 2005–2007-жылдары театрдын опера труппасынын инспектору кызматын айкалыштырып иштеген.
- 2007-жылдан өмүрүнүн аягына чейин К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жеке ырдоо кафедрасында окутуучу катары эмгектенген.
- Талгарбек Жакшылыков чет элдик жана кыргыз композиторлорунун операларында кырктан ашуун партияда ырдаган.
- Талгарбек Жакшылыковдун маданиятка кошкон салымы мамлекет тарабынан бааланып: 1995-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 2003-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдары ыйгарылса, 2006-жылы А.Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын ээси болгон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/15735