Ошто кызды шылдыңдаган блогер 5 суткага камалды
RU

Ошто кызды шылдыңдаган блогер 5 суткага камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында көчөдө бараткан бейтааныш кызга ыплас сөз айткан жигит 5 суткага камалды. Бул туурасында облустук соттон Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Ош шаардык сотунун 27-мартындагы токтому менен Т.Н.А. 126-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 суткага камакка алынды.

Белгилесек, Ош шаарынын Достук көпүрөсүндө өтүп бараткан кызды шылдыңдап, абийирине шек келтирген сөз айткан блогердин үстүнөн эки арыз жазылып, ал 27-мартта Бишкектен кармалып, Ош шаарына жеткирилген.

Блогер кыргыз элинен жана кыздан кечирим сураган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15821