ТИМ: "Крокус Сити Холлдогу" терактта каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок
RU

ТИМ: "Крокус Сити Холлдогу" терактта каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тышкы иштер министрлиги "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттан улам жабыркагандардын тизмесинде Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин билдирет. Ведомстводон билдиришкендей, бул маалымат 28-мартка карата алынды.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери Красногорск шаарындагы медициналык мекемеге жабыркап түшкөн жашы жете элек россиянын жарандыгын алган этникалык кыргыз Б.К.га барып, ден соолугунан кабар алышкан. Учурда аталган жарандын ден соолугу жакшы болуп, үйүнө чыгарылды.

"Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын эки жаранына карата мурда дайындалган генетикалык экспертизанын жыйынтыгы азыркы учурда чыга элек. Өз кезегинде Кыргызстандын элчилиги аталган жарандардын ата-энелери менен тыгыз байланышта", - дешет министрликтен.

Белгилесек, 26-мартта Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Крокус Сити Холлдогу" теракттан каза болгондордун жаңыланган тизмесин жарыялады.

Тиизмеге каза болгон 139 адамдын 120сынын аты-жөнү кирген. Анда буга чейин дайынсыз болуп жаткан 24 жаштагы Эдита Жусупова менен 20 жаштагы Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнү бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15827