Катуу шамалдан 10 адам жабыркап, 154 объект зыянга учурады
RU

Катуу шамалдан 10 адам жабыркап, 154 объект зыянга учурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө 28-мартта катуу шамал болуп, анын кесепетинен материалык чыгымдар жана жабыркагандар болду. ӨКМдан билдиришкендей, кырсыктан 10 адам жабыркады.

Бүгүн, 29-март саат 8:30га карата Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынан алынган алдын ала маалымат боюнча, 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш зыянга учурады. Негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектке зыян келтирилген. Тактап айтканда:

  • Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон;
  • Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатыры учкан.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек жана Чуй облусунун аймагында саат 16:15тен саат 16:45ке чейин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Мындай табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жана кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Бишкекке, Чүй облусунун аймагына "өзгөчө кырдаал" режимдери киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15828