"Аккула" ат майданынын жери аукционго коюлду. Баштапкы баасы 8,7 млрд сом
RU

"Аккула" ат майданынын жери аукционго коюлду. Баштапкы баасы 8,7 млрд сом

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясы эски "Аккула" ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго койду. Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алганын мэриядан кабарлашты.

Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы 8 млрд 731 млн 917 миң сом деп баалоо жүргүзүлгөн.

  • Электрондук аукционго катышуу үчүн көрсөтүлгөн баштапкы суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек.
  • Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт.
  • Аукциондун жол-жобосу катышуучулар тарабынан баштапкы сатуу баасын "аукциондун кадамына" ылайык суммага ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15855