Бишкекте изделип жаткан Муктар Мендеев табылды
RU

Бишкекте изделип жаткан Муктар Мендеев табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-апрелде Бишкекте дайынсыз жоголгон 59 жаштагы Муктар Мендеев Сокулуктан табылды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына баласы Өмүрбек Мендеев маалымдады.

"Атам табылды деп жаңы эле чалышты. Сокулукта экен. Үйгө алып кеткени бара жатам. Издөөгө жардам берген ар бир адамга, маалымат таркаткандарга ырахмат", - дейт ал.

Эске салсак, Муктар Мендеев 5-апрелде Бишкектин Коммунаров/Минск көчөсүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ал эс-тутумун жоготуп койчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15897