Кыргызстандыктар ушул аптада 5 күн катары менен эс алышат
2622
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексине ылайык, май айында расмий эс алуу күндөрү белгиленгенин эскертет. Ага ылайык:
- 1-май - Эмгек майрамы;
- 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;
- 9-май - Жеңиш күнү.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген.
- 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-май иш күнү болот;
- 3-майдын ордуна (жума) 11-май иш күнү болот;
- 9-май расмий жумуш эмес майрам күн болуп саналат.
Ал эми 6 күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/15953