Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда TikTok`ту бөгөттөө боюнча комментарий берди
RU

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда TikTok`ту бөгөттөө боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда TikTok социалдык тармагынын бөгөттөлүшү боюнча Kaktus редакциясына комментарий берди.

Министрликтен билдиргендей, аталган социалдык тармакка бөгөт коюу чечими УКМКнын өлкөнүн аймагында TikTok сервисине кирүүнү чектөө боюнча катынын негизинде кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы байланыш операторлоруна аталган кызматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөттү.

"Мындай чечимди кабыл алууга TikTok тарабынан "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна жана физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамдын 2-1-беренесин аткарбагандыгы негиз болгон", - деп айтылат маалыматта.

TikTok`тун кыргыз сегментинде "контенттеги цензурага системалуу жана принципиалдуу мамиле жок" деп айтылган. Атап айтканда, УКМК "балдардын маалымат мейкиндигинде" мындай көзөмөл жок экенин белгилеген.

Белгилесек, Маданият министрлиги 2023-жылы август айында Кыргызстанда TikTok`ту жабуу чечимин кабыл алган. Министрлик мындай чечимди 18 уюмдун кайрылуусу менен жана балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого гана багытталган деп түшүндүргөн.

Сентябрь айында TikTok компаниясынын Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы өкмөттүк байланыштар жана корпоративдик иштер боюнча директору Сергей Соколов Бишкекке келген.

Ал эми ушул жылдын апрель айындан УКМК Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына кат жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын аймагында TikTok кызматына кирүүнү чектөө өтүнүчүн келтирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15958