Депутат өлкөдө зордук-зомбулук көбөйүп баратканын айтып, прокуратурага кайрылды
RU

Депутат өлкөдө зордук-зомбулук көбөйүп баратканын айтып, прокуратурага кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште депутат Шарапткан Мажитова өлкөдө зордук-зомбулук күчөп баратканын айтып, Казакстан кабыл алган мыйзам Кыргызстанга да керек экенин айтты.

Эл өкүлү жыйында Кара-Суудагы 5 жашар кыздын уурдалып, зордукталышы боюнча окуяны көтөрдү.

"Жабыркаган кыздын жакындары топтолуп, укук коргоо органдарына барышкан. Алар кылмыш кылган адам жазадан кутулуп кетпесин деп укук коргоо органдарына ишенбөөчүлүк көрсөтүшүптүр. Мен прокуратурага эч болбоду дегенде жашы жете электерге, өспүрүмдөргө зордук көрсөткөн, өлтүргөн адамдарга эң жогорку жазаны киргизүүнү сунуштайм.

Казактанда мурдагы министр Куандык Бишимбаев аялы Салтанат Нукенованы сабап өлтүргөнү боюнча 1 айдан бери ачык сот болуп жатат. Ошонун негизинде мыйзам кабыл алынды. Анда аялдарга, балдарга колу тийсе дагы кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мына ошондой мыйзамды киргизбесек, бизде дагы зордук-зомбулук барган сайын күчөп баратат", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15959