ИИМден депутат Айгүл Айдарованын сынына жооп берди
RU

ИИМден депутат Айгүл Айдарованын сынына жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министрине карата сын айтып, анын кызматка ылайыктуулугун кароону өлкө жетекчилигинен суранган. Эл өкүлүнүн билдирүүсүнө Ички иштер министрлигинен расмий жооп беришти.

Министрликтен белгилешкендей, милиция кызматкерлери үчүн Бишкекте курулган үйдүн курулушу 2017-жылы башталып, Улан Ниязбековдун жетекчилиги алдында аяктады.

"Депутат Айгүл Айдарованын "батир бөлүштүрүү адилетсиз болуп, бир балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир берилгени" тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт. Жалпысынан 2023-жылдын декабрь айында турак жайга муктаж адамдарга 216 батир (1 бөлмөлүү - 72 батир, 2 бөлмөлүү-90 батир, 3 бөлмөлүү - 54 батир) бөлүнгөн.

3 бөлмөлүү батирлер биринчи кезектүүлүктөгү тизмеде катталып тургандарга, анын ичинен көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге жана кызмат учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилген.

Азыркы учурда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан юридикалык жактан документтештирүүсү жыйынтыкталып келе жатат" - деп айтылат маалыматта.

Айгүл Айдарова ошондой эле Кочкор-Атадагы ата, баланы күч менен кармоо боюнча министрлик тарабынан көрүлгөн чараларга нааразы болгон.

"Кочкор-Ата шаарында жаранды кармоо учурундагы милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча ИИМдин буйругу менен Жалал-Абад ОИИБдин 13 кызматкерине тартиптик жаза колдонулган. Облустун башкармалыктын башчысы ээлеген кызматынан бошотулуп, төмөндөтүү менен башка кызматка дайындалды. Андан сырткары Кочкор-Ата шаарынын тургунун кармоого катышкан кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берилет. Ички иштер органдарында тартипти сактоого дайыма көңүл бурулат", - дешет мекемеден.

Ички иштер министрлигинин жообунда Улан Ниязбековдун тушунда алгылыктуу иштер жасалып жатканы белгиленет.

"Парламенттин депутаты, милициянын мурдагы тергөөчүсү Айгүл Айдарова ИИМдин жетекчилигин жана укук тартибин тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу, эмгек шарттарын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды коомчулуктун алдында терс мүнөздө көрсөтүү үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканы байкалууда.

Буга байланыштуу депутат айымды негизсиз сындоодон алыс болуп, калыс позицияны кармануусуна чакырабыз.

Эгерде бүгүнкү кырдаалды жана беш жыл мурдагы шарттарды салыштыра турган болсок, анда бүтүндөй Ички иштер министрлигинин жана анын бөлүктөрүнүн ишинде олуттуу өзгөрүүлөр бар", - дешти ИИМден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15977