Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды
RU

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жеткирилди. Анда Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча баш коргоо чарасы каралды.

Сотко жеткирилген Матраимов комментарий берүүдөн карманды. Бир нече мүнөттөн кийин Райымбек Матраимовду 2024-жылдын 26-июнуна чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтыруу чечими чыкканы белгилүү болду.

Эске салсак, Райымбек Матраимов 25-мартта Азербайжандан кармалып, Бишкекке жеткирилген. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Матраимов 2024-жылдын 26-апрелине чейин камакка алынган болчу.

Райымбек Матраимовдун иши (9 статей)
Райымбек Матраимов 1 айга СИЗОго киргизилди. Видео
27 Март 2024, 17:14
Исламбек, Тилек жана Руслан Матраимовдорду Ошко алып кетишти
27 Март 2024, 13:53
УКМК Матраимовдордун кармалышы боюнча маалымат берди. Видео
27 Март 2024, 09:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16005