Орунбеков: Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын ташыруусуна чыр-чатактын тиешеси жок
RU

Орунбеков: Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын ташыруусуна чыр-чатактын тиешеси жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик администрациянын маалыматтык кызмат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшырганын айрым маалымат сайттары башка нукка бурмалап чагылдырып жатышат дейт. Ал бул мындай пикирин Facebook баракчасына жазып, Жусупбек Коргонбай уулу башка себептерден улам тандоо жасаганын билдирген.

"Айрым маалымат каражаттары Жусупбек Коргонбай уулу менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин буга чейин кайым айтышканын, президент министрди коргоп чыкканын мисал кылып, анын мандатын тапшыруу себебине саясий боёк беришүүдө.

Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруусуна министр экөөнүн ортосунда жаралган маселенин эч кандай тиешеси жок. Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин дагы болгон, мындан ары дагы боло берет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Андыктан депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү - өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу", - деп жазды ал.

Белгилесек, Жусупбек Коргонбай уулу буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди айыптап, министр депутатты сотко берген эле. Кийинчерээк Садыр Жапаров министр менен депутаттын ортосундагы жагдай боюнча комментарий берген. Ал министр коррупция менен күрөшүп жатканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16017