Алимент төлөбөгөн миңден ашык жаран изделүүдө
RU

Алимент төлөбөгөн миңден ашык жаран изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алимент төлөбөгөн 1,7 миңге жакын жаран изделүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин башчысы Максат Мойноков 26-апрелде "Альянс" парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.

Айтымында, башкармалыкка алимент боюнча 53 миң 548 кайрылуу түшкөн, бул балдарына алимент төлөөгө милдеттүү жарандардын жалпы санынын 11%ын түзөт.

"600 жаран боюнча билдирүүлөр ички иштер органдарына жөнөтүлдү. 41 жаранга 2995 саатка коомдук жумуштарга тартылса, 36 жаранга 551 миң 942 сом өлчөмүндө айып салынды. Бирок бул чаралар натыйжалуу болбой жатат. Мурда алимент төлөбөгөндөрдү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизгенде алардын жакындары акча таап, ошол эле күнү төлөп беришчү", - деди Мойноков.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: darakchi.uz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16040