Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында депутаттарды шайлоо башталды
RU

Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында депутаттарды шайлоо башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттарды шайлоо башталды. Үч округ боюнча бүгүн, 28-апрель, саат 08:00дө 198 шайлоо тилкелери добуш берүүчүлөргө эшигин ачты. Өнөктүк саат 20:00гө чейин улантылат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 30 адам ат салышып жатат. Алардын 29у эркек, бирөө аял.

Буга чейин Нурлан Ражабалиев (Баткен округу), Айбек Осмонов (Ош округу), Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) мандаттарын тапшырышкан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16046