Бишкектеги "Ы тамгасы" арт-объектиси эмнени түшүндүрөт? Элдин жана демилгечилердин ою
RU

Бишкектеги "Ы тамгасы" арт-объектиси эмнени түшүндүрөт? Элдин жана демилгечилердин ою

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 146 жылдыгына карата Ынтымак сейил багында "Ы тамгасы" арт-объектиси ачылды. Бул социалдык тармактарда тамаша-чыны аралаш ар кандай талкууга алынууда. Мындан улам Kaktus.kg редакциясы аталган арт-объект менен таанышып, шаар тургундарынын пикирин угуп, демилгечилери менен баарлашты.

Арт-объект Кыргызстан жөнүндө базалык маалыматка: географиялык маалыматтарга, өлкөнүн жана анын элинин кыскача тарыхына, кыскача орусча-кыргызча сөздүккө шилтеме берген QR-код менен жабдылган. Эстеликтин өзүндө "Ы" тамгасы бар кыргыз сөздөрү жазылган.

Маалымдама: белгилүү советтик лингвист К.К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө "Ы" тамгасы менен башталган 800дөн ашык сөздүн котормолору жана чечмелөөлөрү берилген.

Бул арт-объектини орнотуу идеясы "Россия гезитинин" Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнө таандык. Анын директору Дмитрий Евлашков ал эмнеден улам келип чыкканын редакцияга түшүндүрүп берди.

"Эмне үчүн Ы? Кыргызстан, кыргыз, кыргыз эли деген сөздөрдө "Ы" тамгасы көп кездешет. Айрым сөздөрдө "ы" тамгасы 3-4төн кездешкен учурлар болот. Ал эми советтик лингвист Константин Юдахиндин сөздүгүндө бизге 600дөн 800гө чейинки "Ы"дан башталган сөз камтылган. Абдан күчтүү тамга. Бул кыргыз элинин духу. Мен кыргыз алфавитинин 31-тамгасында көп нерсе айтылган деп ойлойм.

Көңүл бөлсөңүздөр көпчүлүгү Кыргызстандын атын туура эмес, ката аташат. Бул: Киргизия, Киргизстан деген сыяктуу. Биз эч кимди таарынткыбыз келбейт. Болгону, кыргыз тилинде "Ы" деген абдан маанилүү үн, тамга бар экенин белгилеп, аны туура айтуу керек экенин жеткизгибиз келди", - дейт ал.

Дмитрий Евлашков алгач эстеликти Ошто орнотуу сунушталганын айтып, Якутиянын да бийлиги бул арт-объектке кызыкканын кошумчалады.

"Мага Якутиянын жетекчилиги байланышка чыгып, дүйнөдөгү биринчи "Ы" тамгага эстеликти Якутияга орнотууну суранышты. Себеби, якуттардын тилинде да "Ы" тамгасы аралашкан сөздөр абдан көп. Бирок, мен Кыргызстанга, мекениме, туулуп-өскөн жериме болгон сый-урматымды көргөзүп, биринчи мындай арт-объектини Бишкекке орноттук.

Макеттин автору скульптор Адил Сейталиев. Эстелик Екатеринбургдагы "Дувровин" куюучу үйдө жасалды. Бишкектин калаа башкармалыгы бир тыйын да короткон жок. Бардыгын "Российская газета" жасады. Эстеликте бекер куюп беришти. Жеткизүү, орнотуу, долбоор үчүн биз төлөдүк. Бардыгы Россиянын Федералдык бюджетинен каржыланды. Бул Бишкек, Кыргызстан, кыргыз эли үчүн белек катары берилди", - деп кошумчалады "Россия гезитинин" Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн директору.

Орнотулган "Ы" тамгасынын эстелигинин дизайны - кыргыз оймолорун чагылдырат дейт Дмитрий Евлашков. Ал ким кандай болсо - ошондой көрөт деп, эстеликтин атына айтылып жаткан ар кандай сын, тамашаларга терикпей турганын баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16056