Ошто үлүштүк катыш программасынын алкагында ипотекалык үйдүн курулушу башталды
RU

Ошто үлүштүк катыш программасынын алкагында ипотекалык үйдүн курулушу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын түзүлгөндүгүнүн 6 жылдыгына карата "Муниципалдык турак-жай курулушу: кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы отчёттук конференция өттү.

Конференцияда ишкананын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу ишкана тарабынан 6 жыл ичинде аткарылган жумуштар, жүргүзүлүп жаткан жана алдыда жасалуучу иш-аракеттер боюнча маалымат берди.

Конференциядан кийин Т. Турсунбаева №28 көчөсүндөгү үлүштүк курулуш долбоорунун алкагында 15 кабаттан турган 408 батирдин курулушуна капсула салынды.

Ош мэриясынан белгилешкендей, аталган долбоор шаар тургундарын турак жай менен камсыздоо максатында төртүнчү ирет ишке ашырылууда.

Буга чейин "Үлүштүк курулуш" долбоорунун алкагында көп кабаттуу 3 үйдүн курулушу башталган.

Долбоорго ылайык, жаңы турак жайдын биринчи кабаты коммерциялык жана унаа токтотуучу жайлар үчүн каралган. Мындан тышкары үйдүн короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери да жүргүзүлөт. Батирлер жашоого даяр ички шарттары менен пайдаланууга берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16061