Кыргыз эл акыны Жолочу Рысбаев акыркы сапарга узатылды
RU

Кыргыз эл акыны Жолочу Рысбаев акыркы сапарга узатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-майда сатирик жана фельетончу, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Рысбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Узатуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов баштаган замандаштары, калемдештери, маданият өкүлдөрү, үй-бүлөсү жана жакындары катышты.

Жолочу Рысбаев 75 жаш курагында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16063