Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев каза болду
RU

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагери Салахидин Токтобаев 99 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркум бүгүн, 3-майда жерге берилди.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев 1925-жылы 10-июнда туулган. Ардагер 18 жаш курагында согушка аттанып, Белорус фронтунан Германияга чейин барып, 958- батольонунда кызмат өтөгөн. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган.

Согуш мезгилиндеги жаракатынан улам 2-топтогу майыптык алган. Согуштан кийинки жылдары Ош пахта заводунда пенсия жашына чейин иштеген. Маркумдун артында 4 кызы, 3 уулу, 28 небереси, 52 чебереси жана 2 кыбырасы калды.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 1 жана оруктун 5 ардагери жашайт. 2024-жылдын 1-апрелине карата учурда өлкө боюнча 41 согуштун ардагери бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16073