Ош шаарындагы Кызыл-Суу дарыясынан үч жашар баланын жансыз денеси табылды
RU

Ош шаарындагы Кызыл-Суу дарыясынан үч жашар баланын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын Кызыл-Суу дарыясынан үч жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында Кызыл-Суу дарыясына жаш бала агып кеткени маалымдалган. Окуя болгон жерде издөө иштерин жүргүзүү үчүн төрт куткаруучу тартылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында саат 11:18 чамасында Кызыл-Суу дарыясынан 2021-жылы туулган Т.Э.нын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16081