Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 5-май - Конституция күнү менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 5-май - Конституция күнү менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.

Президент бул күн баарыбызды мыйзам ченемдерин урматтоого, адам укуктарын бийик коюуга, өз укуктарыбызды коргой билүүгө, ар бирибиздин коомчулук алдындагы өз милдеттерибизди сезүүгө үндөй турганын белгилеген.

"Баш мыйзамдын укуктук маңызы гана эмес, руханий, маданий мааниси да бийик. Конституция – мамлекеттик жана жарандык биримдикти символдоштурган өзгөчө баалуулук. Бул баалуулукту барктай да, баалай да билүүгө тийишпиз. Биздин негизги милдетибиз Конституцияда камтылган баалуулуктарды карманып, анын ченемдерин бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү болуп саналат", - дейт ал.

Мамлекеттин башчысы сөзүнүн соңунда баштаган реформалар жүзөгө ашып, көздөгөн максаттарга жетүүнү тилеп, бардык жарандарга ден соолук, бейпил жашоо каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16084