Сүлүктү менен Лейлекте сел жүрүп жатат
RU

Сүлүктү менен Лейлекте сел жүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саат 21:00гө карата Сүлүктү шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 26 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылды.

Жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо ишин жүргүзүп жатышат.

5-майда алдын ала маалымат боюнча, саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Раззаков көчөсүндө сел сайга салынган ички чарбалык көпүрөдөн сел суулары ашып, каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине маалыматты тактоо максатында ӨКМдин Сүлүктү шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Сүлүктү шаарынын мэри жөнөп кетти.

Ошондой эле ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ жана 6 куткаруучу тартылган.

Мындан сырткары облустун Лейлек районунда алдын ала маалымат боюнча, Сумбула айыл аймагында саат 18:50 чамасында жааган жаандын кесепетинен Андарак айылы менен Көк-Таш айылын байланыштырган сел сай аркылуу өтүүчү ички чарбалык унаа жолдон сел жүрүп, өтүүгө кыйынчылык жаралган. Жерине №13 Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16085