Лейлек, Сүлүктүдүдөгү селдин кесепеттери айтылды. Сүрөт
RU

Лейлек, Сүлүктүдүдөгү селдин кесепеттери айтылды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев сел жүргөн аймактардагы селдин кесепетин жоюу иштерин жетекчиликке алды. Бул туурасында президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Белгилей кетсек, 5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында сел жүргөн. Сел суулары Лейлек районунун Катран, Коргон, Андарак, Көк-Таш, Баул, Самат, Жаркыштак, Мурас айылдарын каптаган.

Селдин кесепетинен 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жер төлөөгө сел суулары кирген. Убактылуу жасалган 5 көпүрөнү агызган, 1 бала бакчанын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулуп, 4 бодо мал агып кеткен. Табигат кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келген эмес. Айрым жараксыз болгон унаа жолдорун калыбына келтирүү, каттамды камсыз кылуу иштери уланууда.

Бүгүн, 6-май саат 7:00гө карата сел кирген турак үйлөрдүн жер төлөөлөрү толук тазаланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16090