Жалал-Абадда жер көчүп, бир үйгө кооптуулук жаралды. Сүрөт
RU

Жалал-Абадда жер көчүп, бир үйгө кооптуулук жаралды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагына караштуу Чкалов айылында жер көчкү түштү. ӨКМдан кабарлашкандай, 1 турак үйгө кооптуулук жаралды.

Белгилүү болгондой, жер көчкү жүргөн аймакта тактоо иштери жүргүзүлүп, 7000 куб жер көч көчкөнү аныкталды. Кооптуулук жаралган турак үйдүн жашоочулары жергиликтүү бийлик тарабынан берилген эскертменин негизинде көчүрүлгөн.

Мындан сырткары көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20- 25 сантиметр жаракалар бар экени аныкталып, жергиликтүү тургундарга кооптуулук жараткан жайыт жерлерге мал бакпоо, эгин экпөө (жерди айдообого) тоют жыйбоо боюнча эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон району боюнча 98 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келишүүдө анын 9у ушул айылда жайгашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16096