Алименттен качкандарга жазаны катаалдатуу мыйзамын комитет колдоду
RU

Алименттен качкандарга жазаны катаалдатуу мыйзамын комитет колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улгайган ата-энелерди багуудан жана балдарына алимент төлөөдөн качкандар үчүн жазаны күчөтүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин комитети жактырды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети аталган документти карап, биринчи окууда жактырды. Анын автору - депутат Тазабек Икрамов.

Ал ата-энесин багуудан баш тарткан жана алимент төлөөдөн качкандарды коомдук жумуштарга тартуу же айып пул менен жазалоону сунуштап жатат.

Расмий эсепте учурда Кыргызстанда 53 548 ата-эне балдарына алимент төлөөдөн качып жүрөт. 2023-жылы балага чегерилген алиментти атасы же энеси төлөбөй жатканын айтып, сотко кайрылгандардын саны 41 миңден ашкан.

Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16102