Баасы 412 млн сомго бааланган базар мамлекеттин балансына кайтарылды
RU

Баасы 412 млн сомго бааланган базар мамлекеттин балансына кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарындагы баасы 412 млн сомдон жогору деп бааланган базар мамлекеттин балансына өттү. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитети тарабынан жер тилкелерин, өндүрүш жана соода аянттарын мыйзамсыз берүү жана сатып алуу менен байланышкан кылмыш иши иликтенген.

"Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө "Шабдалы-Зар" соода-базар комплекси жайгашкан жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик администрациясынын (мэрия) буйругуна ылайык, 1994-жылы "Дустлик" ААК менен аффилирленген жеке компанияга бөлүнүп берилген.

Ал жердеги акциялардын контролдук пакетинин 85%ы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы лидери К.А. Батыровго таандык болгон. Деген менен, КР Жер кодексине (1994-жылдын редакциясына) ылайык, шаардык мамлекеттик администрациянын мамлекеттик жер тилкелерин бөлүп берүүгө (сатууга) укугу жок болгон, анткени мындай укукка эл депутаттарынын шаардык кеңеши ээ болгон.

Тактап айтканда, аталган жер тилкеси К.Батыровго мыйзамсыз сатылып, ал өз кезегинде 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу Кыргызстандын жарандары М.А. жана Р.Ш. (К.Батыров менен аффилирленген жактар) менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча кылмыш ишинин материалдарына тиркелген архивдик документтер далилденген. Маалым болгондой, аталган аймак бир нече жылдар бою соода базары катары колдонулган.

Учурда жергиликтүү бюджетти колдоо жана шаарды көрктөндүрүү үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан "Шабдалы-Зар" соода-базар комплексин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16129